Сокулук районунун Сокулук айылындагы “Сары-Өзөн” базарында 17 чарчы метр келген павильон күйүп, денесинин 50 пайызынан күйүк алган 45 жаштагы кароолчу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын эки буту күйүп калган. Өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.