Акыркы сутка ичинде өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, Чүйдө турак үйдүн 65 чарчы метр чатыры күйгөн

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 22-ноябрда билдиргендей, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Баткенде 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Прохладное айылында шифер жабылган турак үйдүн 65 чарчы метр чатыры, 15 чарчы метр шыбы, ашкана эмереги, 5 терезе, 5 эшик, муздаткыч, сыналгы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушуна байланыштуу болгону аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан