Аба ырайы, 23-ноябрь: Өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -7°C

Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -8°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +3°C

Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -10°C

Бишкек шаары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -5°C

Эскертүү!

22-25-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунчу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Мындай аба ырайы кыштоолордо малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан