7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы жарандар үчүн “Пайгамбарыбыз тууралуу окуйбуз” аттуу сынак өтүүдө

“Дил азык” басма үйү жана Кыргызстандагы Ислам университети тарабынан жарыяланган “Пайгамбарыбыз тууралуу окуйбуз” аттуу сынакка 7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы жарандар катталышты. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак 22-ноябрда Кыргызстандын бардык аймактарында бирдей убакытта башталып, бирдей убакытта аяктады. Ош шаары боюнча сынакка катышууга 850 адам катталып, сынак Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлдү. Сынак Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны тууралуу жазылган “Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи вассалламдын өмүр баяны”, “Чексиз нур” жана “Пророк Мухаммад - венец рода человеческого” китептерин окуу боюнча болууда. Эскерте кетсек, бул иш-чаранын жыйынтыгы 25-декабрь күнү чыгарылып, жеңүүчүлөргө белектер берилмекчи.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ak-buura
2014-11-23 22:07:38
Чынында биз пайгамбарыбыз жонундо америкалыктар билгенчелик да билбейбиз
0
ak-buura
2014-11-23 22:10:12
Ушак, митинг озуп баратат
0
sportsmen.boy
2014-11-23 22:15:23
Таласта каякта отуп жатат?
+1
tebessum
2014-11-24 12:40:01
MashaAllah. Chyndygynda sonun kitep.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан