Лейтенант аскер кызматындагы жоокерге кокусунан ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү 23:55 чамасында 97632-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн лейтенант А.А.Турматов кокусунан тапанчадан ок чыгарган. Жаңылган ок келишимдик негиздеги жоокер Б.М.Көчөрбаевге тийип, анын ээги жана моюну жабыркаган. Жаракат алган жоокер шаардык ооруканага жетпей каза болгон. Натыйжада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан кызматтык изилдөө боюнча буйрук чыгып, материалдар тиешелүү органдарга тапшырылды.