31-январда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Соода министринин орун басары Ли Цзиньцзао менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы, гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы, инфраструктура жана транспорт, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну улантууну макулдашылды. Мындан сырткары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Кытайга сүт азыктарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр болду.