"Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоногон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тоноо фактысы кечээ, 23-ноябрь күнү болгон. Анда Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “ЭкоИсламикБанктын” филиалынын коопсуздук кызматкерин белгисиз эки жаран тапанча менен коркутуп, банктагы 1,5 миллион сом, 15 миң доллар, 500 миң рубль, 174 миң теңгени алып кетишкен. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал эми экинчисин кармоо иштери жүрүүдө.