Бишкектеги банктардын биринде каракталган акча кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев бүгүн, 24-ноябрда билдирди.
“Бул окуя кечээ, 23-ноябрь күнү болгон. Анда эки белгисиз куралчан жаран Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “ЭкоИсламикБанктын” филиалына кирип, коопсуздук кызматкерин жана 2 кассирди сабап, кассадагы акчаны алып кеткен. Алар качып бара жатканда ошол жактагы аймактык милиция кызматкери байкап калып, артынан түшкөн. Кийин ага коопсуздук кызматкери да кошулуп, экөө кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашкан. Учурда каракталган акча толугу менен банкка өткөрүлүп берилди. Ал эми экинчисин кармоо иштери жүрүүдө”,- дейт Осмонбаев.