Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 9-кабаттан куруучу кулап кетти. Маалым болгондой, окуя бүгүн эртең менен саат 10:30 чамасында болгон. Кулап кеткен жаран окуя болгон жерден көз жумган.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүүдө.