Депутат Садыр Жапаров 3-октябрдагы митингде сүйлөп бүтүп, эмне үчүн микрофонду модераторго эмес, Ташиевге бергенин түшүндүрдү

Бүгүн, 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги сот иши уланууда. Сотто депутат Садыр Жапаров берилген суроолорго жооп берип жатат. 2012-жылдын 3-октябрындагы "Кумтөр" боюнча митингге модераторлук кылган Кубатбек Кожоналиев депутат Садыр Жапаровдон эмне үчүн митингде сөз сүйлөп бүтүп, микрофонду модераторго эмес, Камчыбек Ташиевге бергенин сурады. Буга Садыр Жапаров "мен элдин өтүнүчү менен микрофонду Ташиевге бергем. Бирок андан кийин кайра сизге бермекмин" деп жооп берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан