Ош шаарында "87 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрдү" деген шек менен маркумдун 15 жаштагы кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 21-ноябрь күнү Атабаев көчөсүндөгү №3-а үйүнүн жашоочулары кайрылышкан. Алар 1927-жылы туулган Нина Бучельникова 10 күндөн бери үйүндө жоктугун жана батиринен жагымсыз жыт чыгып жатканын билдиришкен.
Н.Бучельникованын үйү текшерүүгө алынганда анын жансыз денеси өзүнүн уктоочу бөлмөсүндө керебетке байланган абалда табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында аялдын 10 кабыргасынын сынганы, бүт денесинен тактар жана муунтуунун белгилери аныкталган.
22-ноябрда кылмышка шектүү катары шаардагы мектептердин биринин 9-классынын окуучусу колго түшүрүлдү. Шектүү кылмышын мойнуна алып, маркум менен мамилеси начар болгонун айткан. Улгайган аял күн сайын шектүүнүн үйүнө коноктоп киргени жакпагандыктан өлтүргөнүн кошумчалаган.