Бишкекте Лексус ES300 унаасына тагылган B7766I мамлекеттик номуру жасалма экени аныкталды

Бишкекте Лексус ES300 унаасына тагылган B7766I мамлекеттик номуру жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан бүгүн, 24-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, B7766I мамлекеттик номуру 2014-жылдын 17-апрелинде Айбек Баратовго катталган. Бул мамлекеттик номур 2008-жылы бир гана нускада даярдалган. Лексус ES300 унаасына тагылып жүргөн B7766I мамлекеттик номуру - жасалма.

Айта кетсек, буга чейин шаар тургуну Айбек Баратов өзүнүн унаасындагы мамлекеттик номурга окшош, ошол эле сериядагы номур менен Лексус ES300 унаасынын кетип бара жатканын көрүп, видеого тартып алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kama_future_millioner
2014-11-24 16:25:47
Мына сага
+2
tokmoktuk
2014-11-24 21:26:53
Мына сага тагдыр тамашасы.Сан кишиден ошол Айбек Баратовдун ном.дей жасалма кылып алганын.
+1
Odik11
2014-11-24 22:54:44
Шумдуктуунун тоосу жорго....
0
jakula
2014-11-24 23:13:00
Айбек Баратов ким озу
0
Almaz_kg
2014-11-25 06:41:29
Кече куну кордум эле [moderated]тан. Айбек Баратов субарунун ээси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан