Башкы прокуратура: "Жабырлануучу тосмо арыз жазып берген күндө да, Кадыралиевдер боюнча кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылбайт"

Кадыралиевдердин иши тергелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жабырлануучу Бекташовдун Кадыралиевдердин иши боюнча тосмо арыз жазып бергени айтылган эле. Мындан улам айыпталуучулардын жакындары кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранышкан. Ал эми Башкы прокуратура жабырлануучу тосмо арыз жазып берген күндө да, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылбай тургандыгын билдирди. Себеби аларга коюлган берене оор кылмыштардын катарына кирет.

Айта кетсек, жабырлануучу Абдимитал Бекташов прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда ал Канжар жана Улан Кадыралиевдер баласы экөөнү ок атуучу курал менен коркутуп, сабап, 2004-жылдан бери ижарага алып иштетип келген 3 гектар жерин талашып, мыйзамсыз колдонуп келгенин айткан. Бул боюнча 14-ноябрь күнү Башкы прокуратура “ээн баштык”, “өзүм билемдик” жана “опузалап талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
yamaha_510
2014-11-24 17:32:39
Карымшак Кадыралиевдердин уй булоосу жеткен шумдуктуу адамдар болот,булар айылдагы элдерди жашатышбайт,зоокур балдары элди кыйнап урушат,кадыралиевдин жылкылары,малдары кызыл сенир жалпак таш айыл окмотунун эгин талааларында чоп чабуу поляларында ээн еркин журо берет,бир деме десен 10 чакты баласы менен келип тепкилеп кетет,аллах алардын сазайын берсин! Буларды соттош керек!
+11
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-24 18:52:25
Эн туурa кыскарtпагыла. Ушунча ызы чуу болгон sон жазалагыла эгерде духунар жетсе.
+5
Patron
2014-11-25 09:45:30
Канжар К. Прокуротурада иштеп закондогу бандит болгон.
+3
Beise
2014-11-25 13:02:32
Тегин жерден орт чыкпайт
+3
juma--li
2014-11-25 16:05:54
бул жерде анын душмандары да учурдан пайдаланып калышканго
-2
Patrik
2014-11-25 16:24:29
Кудай жазасын берсин !
+2
SayKal020101
2014-11-25 20:06:50
Душмандары эмес, канча адамдар жабыр тартты да, ошол учун жазат. Эми кудай жалгап баш прокурор из кызиатчысын жазаласа жакшы. Коп адамдар бар, эн жеткен чегинде ата-энесин кошо сабаганда жазып жатат, болбосо берип журо Берген.
0
Kars
2014-11-25 22:42:09
Бул чыккан акмакчылык ата баласын уруп ушулардын уйу менен эле жардырып салатурган Адам чыгабы Улан дегени бар чоп ордура койбойт Орсон алып койот.Бандит болсо канчалаган башка улуттар журот ошолорду сындыр келип келип билип туруп аран жашап аткандарды кыйнабай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан