25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күндү дүйнөнүн активист айымдары 1981-жылдан баштап белгилеп келишет. 1999-жылы 17-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү бардык бейөкмөт уюмдар менен эл аралык уюмдарды бул күнү иш-чараларды өткөрүп, аталган көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы "Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков төрөлгөн. Ал 1985-жылы 25-ноябрда Таластын Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун ОХД бөлүмүндө окуган. "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу таанымал ырлардын аткаруучусу. * Мындан 347 жыл мурун, 1667-жылы Азербайжандын Шемаха шаарында күчү 6-9 баллга жеткен жер титирөө болуп, зилзаладан 80 миңдей киши каза болгон.
* Мындан 96 жыл мурун, 1918-жылы венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнө тарыхында эң биринчи элчи айым болгон. Ал Швейцариядагы Венгриянын дипломатиялык миссиясын башкарган.