Сотто Садыр Жапаров "абакта жатканда мага келишип, "Кумтөр" боюнча соодалашууга аракет кылышты" деди

Бүгүн, 1-февралда өтүп жаткан сотто депутат Садыр Жапаров "абакта жатканда мага келишип, "Кумтөр" боюнча соодалашууга аракет кылышты" деп билдирди. Ага Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров "Кумтөр" боюнча кимдир бирөө сүйлөшүүгө келдиби?" деген суроо берди. Садыр Жапаров: "Кумтөр" кенинде 40 миллиард долларлык алтын жатат. Ошондуктан абакта жатканымда мага соодалашууга келип жатышты. Эгер мен соодалашууга барсам, анда чет өлкөдөн вилла сатып алмакмын",- деп билдирди. Учурда калган депутаттар да сурак берүүдө.

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан