Жакут Сыдыковдун “Жакуттун жаңылыктары” аттуу концертинде көрүүчүлөр пародисттин үйүнүн курулушуна салым кошушту

Бүгүн, 24-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда пародист, куудул Жакут Сыдыковдун “Жакуттун жаңылыктары” аттуу концерти өтүүдө. Ыр, күлкү, чыгармачылыгындагы жаңылыктар менен бөлүшөм деген пародисттин концерти башка чыгармачыл кечелер сыяктуу эле кечигип башталды. 

Аба ырайынын сууктугуна карабай жакшы маанай менен тамашалуу окуяларды сахнадан көрүү үчүн келгендер залдын 65-70 пайызын ээлешти. Пародист концерти тууралуу жарнаманы бир гана SUPER.KG порталына бергенин айтып, келгендерге ыраазычылык билдирди. Алгач концертти “Жаз” бийчилер тобу ачып берди. 

Андан соң төкмө акын Азамат Болгонбаев Спорт Ордосунун ар бурчунда туруп концертке бекер киргендерди комуз коштоосунда айтса, Аалы Туткучевдин "Сахнага жарык бергиле, же өкмөт электр энергиясын үнөмдөөнү айттыбы?" деген ыр саптарындагы чындык көпчүлүккө күлкү тартуулады. 

Алып баруучулукту аркалаган Манас Алыкулов аты белгилүү куудул Манас Бердибековдун атынан коюлганын жана фамилиясы атасы Жаныбек Алыкуловдон экенин айтты. Аны менен алып баруучулук тизгинди Аман Өмүралиев аркалады. 

Жакут Сыдыков өз учурунда "Кайненем жаңы жылга жакын келип, үйдөн тынчтык кетти. "Кызыңды алып кет" деп, эми тынч жашап калдым" деп тамашалуу ыр аткарды. Ошондой эле кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаңылыктарды айтып жагымдуу маанай тартуулай алды. Жубайына арнап ыр белек сунуп, жер тилкесин алып үй салып жатканын, көрүүчүлөрдүн концертке келгени үйдүн пайдубалы үчүн кошулган салым экенин тамаша иретинде айтып өттү. Жетекчи менен кызматкердин ортосундагы көңүлдөштүк мамиле, бейиш менен тозок алдындагы сурак жөнүндө интермедиялар мыкты номерлердин катарын толуктады.

Концертке жаңыдан сахнага чыгып келе жаткан ырчы Эрлан Мухтаржанов, Маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков өңдүү ырчылар келишти. Жакут Сыдыковдун уулу Ленар да ырдап, чыгармачылыктагы тушоосун кести.

"Жакуттун жаңылыктарындагы" тамашалуу ыр, кыргыз, индия бийи, ырчылардын жагымдуу музыкалык чыгармалары жана Жакут Сыдыковго таандык күлкү коштолгон ырлар камтылган видеорепортажды эртең SUPER.KG порталынын "Супер.ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.

“Жакуттун жаңылыктары” элди нааразы кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asiret
2014-11-25 14:51:20
Суперчилер видеосу барбы
0
admin_superstan
2014-11-25 15:27:54
asiret, саламатсызбы!
Концертин "Кинозал" бөлүмүнө жүктөөгө аракет кылабыз. Ал эми репортаж жакынкы арада "Супер ТВ" бөлүмүнө жарыяланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан