Мароккодогу суу ташкында 32 адам каза таап, ондогон адамдар дайынсыз жоголушту

Мароккодо нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташып, кеминде 32 адам мерт болду. Бул маалыматты аталган өлкөнүн ички иштер министри тастыктаган. Алгач 17 адам каза тапканы айтылган, бирок кечээ Гульмин аймагындагы дарыянын жээгинен дагы 11 адамдын жансыз денеси табылган, ошондой эле ар кайсы райондордон каза тапкан адамдардын денелери табылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Мындай табигый кырсык 1986-жылдан бери каттала элек. Ум жана Ашад дарыяларындагы суунун деңгээли мынчалыкка көтөрүлгөндүгү байкалган эмес. Жергиликтүү калк дүрбөлөңгө түшүүдө",- деп чет элдик басылмалардын бирине жергиликтүү тургун билдирген.

Куткаруу иштеринин натыйжасында 214 адам куткарылган. Ошондой эле учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери жүрүүдө. "Бул кырсыктан улам ондогон адамдар дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн" деп кошумчалаган ал тургун.  

Маалым болгондой, жергиликтүү маалымат каражаттары кыян машиналарды агызып, үйлөрдү жууп кетип жатканын жазууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg_emilbekov
2014-11-25 09:26:29
ушундайдан кудай сактасын кыргызстаныбыздын ардайым асманы ачык болсун урматтуу Мальвина Уметбекова ушу кандай сайт айтып коюнчу сураныч жооп кутом
+1
temirov76
2014-11-25 10:16:28
АЛЛАХ сактасынчы мындайдан, ыйман келтирип тообо деп журолучу.
0
mikinookat
2014-11-25 14:36:02
бут дуйно жузун суу каптаса да , кыргызстанда тизеден эле болот да)))))тамаша,,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан