"Супер-Инфо" гезитинин жарнама бөлүмүнүн менеджери Асел Бактиярова Беларуста өткөн бий сынагында биринчи орунду ээледи

"Супер-Инфо" гезитинин жарнама бөлүмүнүн менеджери Асел Бактиярова Беларуста өткөн “Таланттар аймагы” аттуу элдик бийлер сынак-фестивалына катышып, биринчи орунду ээледи. 

Маалым болгондой, иш-чара 14-18-ноябрда Минск шаарында өткөн. Ага КМШга мүчө өлкөлөрдүн жаштары жана Беларустун жогорку окуу жайларынын студенттери катышышкан.

Аталган фестивалдын уюштуруучулары Беларусь улуттук техникалык университети, Бий жана искусствонун эл аралык альянсы, Бийдин Беларусь Лигасы жана Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн эл аралык ассоциациясы болгон.

Сынак-фестивалдын негизги максаты – башка өлкөлөрдүн маданияты, салттары менен таанышуу, бийчилер жана педагогдордун тажрыйба алмашуусу, жаштардын руханий жана адеп-ахлак жаатын жакшыртып, өнүктүрүүгө керектүү шарттарды түзүп берүү, таланттуу бийчилерди жана бий топторун аныктоо.

Кыргызстандагы Беларусь Республикасынын элчилиги "Супер-Инфо" гезитинин жарнама бөлүмүнүн менеджеринин фестивалга катышкандыгы үчүн редакциянын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирген катында "Асел Бактиярованын бул фестивалга катышуусу биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы маданий кызматташтыгынын өнүгүүсүнө жана достук мамилелерди кеңейтүүгө салым кошоруна ишеничтебиз" деп жазылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
narjan
2014-11-25 10:24:42
Азамат, өнөрүң өркүндөй берсин!!!
+4
sagyn01
2014-11-25 10:29:52
Мынча сулуусун, турмушка чыга елекпи, шанс барбы деги?
+6
nur-patriot
2014-11-25 11:24:04
sagyn01, шанс жок. мен сенден биринчи чаап алам ))
+4
Webtransfer
2014-11-25 12:50:59
Баракелдееее! Бийлесе болот экенго кыргыздын бийлерин!
+2
Guli.K.E.
2014-11-25 12:56:56
Супер !!! Азаматсын Аськааа)))
+2
Samchuk
2014-11-25 13:43:24
Кут болсун! Кыргыздын намысын коргогон адамдарга таазим!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан