Аламүдүн районунда тургундун унаасын күч колдонуу менен тартып алган жаран кармалды

Аламүдүн районунда тургундун унаасын күч колдонуу менен тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 22-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Лебединовка айылында белгисиз жаран күч колдонуу менен унаасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы шаар тургуну кармалды. Ал унааны айдап качып баратып жол кырсыгына кабылган. Ошол учурда ал качууга аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери аны кармоого үлгүрүп калышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан