Ысык-Ата районунда "соода күркөсүн тоногон" деп шектелип жумушсуз жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жергиликтүү милицияга арыз менен Төмөнкү Серафимовка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал короосунда жайгашкан соода күркөсүнө белгисиз бирөө кирип, жалпы суммасы 10 миң сомду түзгөн азык-түлүктөрүн жана акча каражаттарын алып кеткенин айткан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында бул ишке катыштыгы бар, ал үйдөн алыс эмес жерде жашаган, жумушсуз коңшусу кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.