Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты

Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 24-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 57-чакырымында Тойота Камри менен оор жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапкан. Учурда бул боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан