Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапкан өспүрүм боюнча тиешелүү материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдун 1998-жылы туулган Мамбетакун уулу Жаныш экендиги аныкталган. Ал ошол жердеги бригадирдин кайниси болгон. Учурда анын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Тиешелүү материалдар Ленин райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Териштирүүдөн соң кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси чечилет.
Айта кетсек, кечээ, 24-ноябрь күнү эртең менен Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан белгисиз жарандын кулап каза тапканы айтылган эле.