Депутат Талант Мамытов: "Мен 3-октябрдагы митингден кийин Ак үйгө кирейин деп, бирок депутаттардан уялдым"
Бишкекте "ата журтчу" депутаттар боюнча сот иши уланууда. Айыпталуучу депутат сурак берип, 2012-жылдын 3-октябрында "Кумтөр" маселеси боюнча өткөн митингде күнөөсү жок экендигин айтты. “25-сентябрда мен Кыргызстанда жок элем, Тажикстанга иш сапары менен кеткем. Ал эми 3-октябрдагы митинг тууралуу 25-сентябрдагы алдын ала сүйлөшүүлөргө мен катышкан эмесмин. "Кумтөр" боюнча бир гана Садыр Жапаров маселе көтөрүп чыкты. Силер өзүбүздүн кен байлыгыбызды сактап калуунун ордуна бизди күнөөлөп жатасыңар. 3-октябрь күнү парламентте Камчыбек Ташиев "Кумтөр" маселесин көтөрөлү" деп чыгып, бирок башка депутаттар аны колдобой коюшту. Балким, ошон үчүн ал ызаланып калгандыр. Анан аянтта митинг болуп жатканда мен төрагадан суранып, митингге кызматтык унаам менен бардым. Андан соң Кубат Кожоналиевге мен ЖКнын атынан келгенимди айттым. Бирок мен эч кандай сөз сүйлөгөн жокмун. Митингдин аягында Садыр Жапаров келип "Кумтөр" тууралуу бардык маселени элге айтып берди да "бул маселени бүгүн чечебиз" деди. Андан соң Ак үйдүн дарбазасына барганда Камчыбек мырзага "азыр бул жерде эч ким жок" деп кыйкырып жаттым. Бирок ал мени уккан жок окшойт. Менде кандайдыр бир ички толкундануу болуп, элдин күүсү менен тосмого барып калдым. Бир маалда жерге 2 жаран кулап түшүп, анан уруш башталды. Бир маалда мени да бирөө чаап ийди окшойт, эсимди жогото түштүм. Анан бирөө "бул Талант Мамытов, муну урбагыла" деген сөз айтты. Анан кичине өзүмө келгенден кийин Ак үйгө кирейин деп, бирок депутаттардан уялдым. Ошондуктан үйгө кетип калдым”,- деди Талант Мамытов.