Талас облусундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык жасалмачылык боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жергиликтүү тургунга жайыт тилкесин 5 жылга убактылуу колдонуу боюнча токтом чыгарышкан. Бирок ошол эле күнү, ошол эле номур менен жасалма токтом чыгарышып, жайытты 49 жылга убактылуу колдонууга беришкен. Муну райондун каттоо кызматы журналга каттабастан, 5 жылды 49 жыл деп оңдоп, ошол эле айыл тургунуна жалган күбөлүк беришкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.