"Кызымды унаасы менен сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу кыз дале бошондукта жүрөт. Анын ордунда 60 жаштагы атасы СИЗОдо отурат". Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда маалымат жыйынында каза болгон кыздын апасы Райхан Карабаева билдирди.
“Окуя болгонуна 6 айдын жүзү болду, кызым өзүнүн туулган күнүндө, 8-июнда каза болду. Эч кандай жамандык күтпөстөн, менин 3 балам жана туугандарымдын 2 баласы болуп дүкөнгө балмуздак алганга кетишкен. Анан минтип ажал айтпастан келет болуп, кызымдан айрылып калдым. Бул окуя боюнча болгону эки кылмыш иши козголду, рулду башкарып бараткан Алмагүл Түлкүбековага карата 281-берене (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу), ал эми атасы Иличбек Түлкүбековго карата 284-берене (мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. А бирок бул жерде каза болгон жаш өмүр эсепке алынган жок. Болгондо да кылмыш иши окуя болгондон кийин 10 күн өткөн соң гана козголгон. Ошол себептен улам биз ишти башка тергөөчүгө өткөрүүнү суранганбыз”,- дейт Р.Карабаева.
Жабырлануучунун айтымында, ишти караган сот да, экинчи тараптын жактоочусу да шектүүлөр шарттуу түрдө жоопко тартыларын айтышкан.
"Өлкөбүздө жоопко тартылыш үчүн атайлап өлтүрүш керекпи же атайлабай сүзүп өлтүргөндөр эркиндикте жүрсө болот деген нерсе барбы?" деп каза тапкан кыздын энеси нааразычылыгын жашырган жок.
“Кызым ошол күнү эле ооруканадан каза тапкан, бирок буга тиешелүү органдар да, аны сүзгөн кыз да көңүл кош мамиле кылууда. Сот, тергөөчү, жактоочусу да "бул атайлап кылынган эмес, эч кандай далил жок" деп гана кутулууда. Ал окуянын күбөлөрү сотко чакырылган жок, рулду башкарган кыз ага чейин унааны 2-3 жолу эле айдаганын, анын атасы мас абалда жанында болгону айтылса да, эсепке алынбады. Кызымдын өлүмүнө себепкер болгондор ал жерге берилгенден кийин 2-3 күндөн кийин үйгө келген экен, бирок мен да, күйөөм да жок болчу. Алар туугандарыма ошол кызымды сүзгөн унааны алууну, ишти жабалы деп сунуштаптыр. Аны уккан туугандарым аларды кууп чыгышкан экен. Эми сот болгон сайын эле “биз кечирим сураганбыз” деп актанууда. Мага эч нерсенин кереги жок, болгону татыктуу жаза алышса дейм”,- дейт Р.Карабаева.
Эске салсак, окуя 8-июнь күнү Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылында болгон. Көчөдө ойноп отурган 5 баланы унаа келип сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 6 жаштагы Милана каза таап, анын 3 жаштагы иниси оор жаракаттарды алып, боору айрылып кеткен, ал эми 3 бала ар түрдүү жаракаттарды алган.