Орусияда жарым килограмм баңгизатты жутуп, курсагында сактап жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Орусиянын Иркутск облусундагы аэропортто жарым килограмм гашишти капсулаларга толтуруп, курсагында сактап жүргөн 21 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда аталган облустун Баңгизат көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Ал бул жерге биринчи жолу сентябрь айында жумушка орношуу максаты менен өз таанышына келген. Ага жакшы төлөнүүчү иш сунушталган. Ал Бишкекке кайра келип, баңгизат менен капсулаларды жутуп, Иркутскка алып келгенде, акчалай сыйлык берилиши керек болчу. Бирок бул жерде аны баңгизат көзөмөлдөө боюнча оперативниктер тосуп, кармап алышты",- деп билдирет басма сөз кызматы.

"Кыргызстандык жаранга каршы кылмыш иши козголгон. Учурда ал СИЗОдо отурат. Тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүүнүн мекенине анын мүнөздөмөсү тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн. Буга ылайык, соттук чечим чыгарылмакчы",- деп толуктайт мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bossmos7
2014-11-25 16:07:03
Мурун жалан тжиктерди корсотчу эле.Эми Кыргыздар туурап королу деген го.)
+2
Nursss_Real_Madrid
2014-11-25 16:21:39
ошонун баарын кантип жутуп чыдап журду экен
+1
kama_future_millioner
2014-11-25 21:34:01
Шумдукко
0
betman
2014-11-25 23:54:15
кыргызстандык десе эле кыргыз деп ойлобогула, кыргызстанда илюбой улут жашайт
+2
kg.sity93
2014-11-26 02:17:14
Чын эле кантип жутуп журду экен.ошончону
0
aizada.ru
2014-11-26 10:11:02
Андан коро араба тартып жанынды бак.наныда ширин болот.
+1
AMAH-2
2014-11-26 17:56:28
Адамдар азыр акча үчүн кандай гана иштерге барбай калды.Чала эле болуптур кармалып калып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан