Эскертүү!
2014-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C
Талас облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн +1°C
Баткен облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -11°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -8°C