Жылнаама, 26-ноябрь: Мындан 75 жыл мурун америкалык ырчы, актриса жана бийчи Тина Тёрнер туулган

* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы америкалык ырчы, актриса жана бийчи Тина Тёрнер (өз ысымы Анна Мэй Буллок) туулган. "Грэмми" сыйлыгынын 8 жолку ээси Тина өзүн сахнада алып жүрүүсү, темпераменти менен "Рок-н-роллдун ханышасы" аталган. Бий чеберчилигин мыкты өздөштүргөндүгү үчүн дүйнөдөгү мыкты бийчилердин ондугуна кирет. Американын белгилүү "Роллинг Стоун" журналы Тина Тёрнерди "азыркы замандын эң мыкты ырчыларынын бири" деп атаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылган. Бул ачылышты Американын “Кьюриосити” марсоходу тарткан. Соолуган көлдүн изи Марс планетасынын Йеллоунайф булуңунан табылган. Изилдөөчүлөрдүн божомолунда бир кездеги көлдүн суусунун курамында химиялык элементтер, көмүртек, кычкылтек, суутек, азот болуусу мүмкүн экени айтылат. Мындан тышкары кадимки хемолитавтотрофтук бактериялар жашашы ыктымал. Бирок буга карабастан изилдөөчүлөр Марста жашоо болгон-болбогонун так аныктай алышкан эмес.
* Мындан 620 жыл мурун, 1394-жылы Сеул шаары Кореянын борбору аталган. Шаардын алгачкы аталышы - Виресон, биздин заманга чейин 370-жылдан баштап Пэкче мамлекетинин борбору болгон. Корё маалында Хансон аты менен белгилүү болгон. Чосон династиясынын убагында Ханян деп аталып, 1394-жылы династиянын борборуна айланган. Япон колониалдык башкаруусунун учурунда шаардын аймагында Кёнсон административдик бирдиги болгон. Сеул аталышы биротоло 1946-жылы эгемендүү Кореяда бекитилген.  
* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы Фрунзе-Талас аба жол каттамы ачылган. Як-40 учагы бул күнү абага көтөрүлүп, Талас шаарына багыт алган. 
26-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан