Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкүсү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн.
ӨКМдан кабарлашкандай, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында чыккан №21-буйругун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 28-ноябрына чейин узартылды.