Курулуш объектисинен кулап кеткен 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

“ЭкспоСтрой” ЖЧКнын курулуш объектисинин 9-кабатынан кулап каза болгон 16 жаштагы Мамбетакун уулу Жаныштын өлүмү боюнча Бишкектин Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.

Маалым болгондой, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүмүндө (оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан