Кечээ, 25-ноябрда саат 17:40 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-500 үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 3 адам жабыркап, 2 адам каза болду.
ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, Хонда Степвагон унаасына кыпчылып каза болгон айдоочунун жана жүргүнчүнүн жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.