Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 26-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүндөгү “Мадина” базарынын жанынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен үйдүн 30 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.