Криминалдык статуска ээ болгон чет өлкөлүк жаранга КРнын паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдын жазында Ош шаары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин тез документ жасоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында Грузиянын жараны, "мыйзамдагы ууру" криминалдык статуска ээ Роман Барбакадзеге (каймана аты - Ремень) Р.Алхозовдун атына жалпы жарандык паспорт берилген.
Кызматтык абалынан пайдалануу жана паспортту мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.