Октябрь айынын башында "Кербен" кичи базарында болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Октябрь айынын башында "Кербен" кичи базарында болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, каза тапкан жаран Ош облусунун 41 жаштагы И.Бактияр аттуу тургуну экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган С.Артыкбек кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү маркум мас абалында ага тийишкен. Мындан улам ал бычак менен сайып салган.

Айта кетсек, 2-октябрь күнү "Кербен" базарынын аймагынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Жансыз денеде бычактан алган 25 жараат бар экени белгилүү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан