Бишкекте Казакстандын жараны жасалма документ менен кармалды

Бишкекте мыйзамсыз паспорт алууга аракет кылган Казакстандын 44 жаштагы жараны А.Зазулин жасалма документтери менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2014-жылдын июнь айында А.Зазулин Кыргызстандын жарандыгы тууралуу мыйзамсыз паспорт алуу максаты менен жасалма документтерди: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, В.И. аттуу жаран менен никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк жана паспортунун көчүрмөсүн тез арада документ берүү бөлүмүнө берип, арыздык-анкетанын бланкына өзүнүн сүрөтүн чаптаган. Ал эми документтерди каттоо учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери аталган документтерден шектенип, бул тууралуу ИИМге билдиришкен.

Жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин натыйжасында Казакстандын жараны документтерин тапшырып жаткан жеринен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери аяктаган соң чогултулган материалдар сотко өткөрүлүп берилген. Сот А.Зазулинге 12 миң сом өлчөмүндө айып салуу тууралуу чечим кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан