Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарында 28-30-ноябрь аралыгында республика боюнча диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн “Диний билим берүүнүн жаңы концепциясы жана окутуунун бирдиктүү программасын чыңдоо” деген аталыштагы семинар-жыйын өтөт.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинар-жыйында төмөнкү маселелер каралмакчы:
-Окуу тарбия иштеринин жүрүшүнө баа берүү;
-Бирдиктүү окуу программасынын ишке ашырылуусу;
-Окуу жай мекемелериндеги финансылык иштерди жөнгө салуу;
-Окуу иштерине байланышкан иш-чараларды тартиптештирүү;
-Окутуу жана тарбия усулун өркүндөтүү;
-Окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүү.
Семинардын ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын дин иштери боюнча комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев жана Уламалар кеңешинин төрагасы Абдушүкүр Нарматов катышмакчы.