Жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Аламүдүн районунда Жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган инспекциянын кызматкеринин пара талап кылып жатканы боюнча арыз келип түшкөн. Анда инспектор арыздануучудан шарттуу соттолуучу катары эсепке акыркы дата менен алуу үчүн 8 миң сом пара талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, инспектор 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан