2014-жылдын 9 айында 869 мамлекеттик органда коррупциялык кылмыш катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, катталган кылмыштардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - 217, шаар мэрияларында - 89, Билим берүү жана илим министрлигинде - 65, Мамлекеттик каттоо кызматында - 54, Ички иштер министрлигинде - 46, Коргоо министрлигинде - 40, Бажы кызматында - 27, Саламаттык сактоо министрлигинде - 24, Транспорт жана коммуникация министрлигинде - 22, Салык кызматында - 18, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде - 18, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинде - 16, Дене тарбия жана спорт агенттигинде - 15, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча агенттигинде - 9, Жазаларды аткаруу кызматында - 9, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде - 8, Социалдык фонддо - 8, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларында - 4 жана 18 кылмыш судьялык корпуста болгон.