Бүгүн, 1-февралда мэрдин Кубогу үчүн болгон мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аталган командалар сыйлыктарын алышты. Мэрдин Кубогу спорттун 5 түрү боюнча 2012-жылдын декабрь айында башталып, 2013-жылдын январь айында жыйынтыкталган. Ага мэрияга караштуу мекеме-ишканалар катышкан:
Шахмат боюнча: 1-орун - Маданият башкармалыгы. 2-орун - Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти. 3-орун - “Бишкек суу-каналы”.
Дартс боюнча: 1-орун - Бишкек шаардык казынасы. 2-орун - Ленин райондук администрациясы. 3-орун - “Бишкек суу-каналы”.
Стол тенниси боюнча: 1-орун - “Бишкек суу-каналы”. 2-орун - Турак жай коммуналдык чарбасы. 3-орун - “Бишкек жылуулук берүү” коммуналдык ишканасы.
Бильярд боюнча: 1-орун - Бишкек шаардык башкы архитектура. 2-орун - Октябрь райондук администрациясы. 3-орун - Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти жана “Бишкек суу-каналы”.
Кичи футбол боюнча: 1-орун - Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти. 2-орун - “Жашылдандыруу-көрктөндүрүү” ишканасы.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырган шаар башчысы Иса Өмүркулов: “Биз шаардын ар бир тургуну спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүп берүүбүз кажет. Жалпыңыздарды жеңишиңер менен куттуктайм. Баарыңардын ден соолугуңар чың болсун, ишиңер ийгиликтүү болуп, үй-бүлөңөрдө тынчтык болсун. Кийинки Кубок спорттун 15 түрү боюнча өтөт”,- деди.