Ошто 15 жашар өспүрүм кызды сойкулукка тартканы үчүн Ош шаарынын 1974-жылы туулган Кундуз аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен районунун 1999-жылы туулган Жоогазын аттуу тургуну ата-энеси менен урушуп, Ош шаарына кетип калган. Ал жактан мурда 4 жолу соттолгон Кундузга жолуккан. Ал 15 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө көндүрүп, түшкөн акчанын жарымын берерин айткан. Бирок бир ай сойкулук менен алектенген соң, аталган аял акчасын берген эмес. “Ата-энеңе, бир туугандарыңа уят кылам, дагы иштейсиң” деп кыйнап сабаган. Кийин кыздын боюнда болуп, ал кыз төрөгөн. Учурда ымыркайдын атасы ким экени билгисиз. Ал эми кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.