Баткенде кол салуудан улам оор абалда ооруканага келип түшкөн ишкердин аялы каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Баткен облустук аймактык ооруканасынын жетекчиси Тургунбай Айжигитов билдирди.
Анын айтымында, 16-ноябрь күнү эртең менен 61 жаштагы Адыкутус Шүкүров жана анын 56 жаштагы аялы Асылкан Шүкүрова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Аларды кароо учурунда бычактан жараат алганы аныкталган. Учурда Асылкан Шүкүрова жараатынан улам каза тапты. Ал бир нече жеринен учтуу нерседен жаракат алган жана моюнуна бычак сайылган. Ал эми Адыкутус Шүкүровду Бишкек шаарына алып кетишкен.
Айта кетсек, кол салуу 16-ноябрь күнү болгон. Анда белгисиз адамдар ишкердин үйүнө киришип, аны жана аялын бир канча жолу бычак менен сайышкан. Анын кесепетинен алар оор абалда ооруканага жеткирилишкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер ишкерден акча талап кылышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.