Ош. Кара-Суу районунда 320 орунга туураланган Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин жаңы имараты ишке кирди

Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда 320 орундуу Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын жана 275 орунга ылайыкташтырылып курулган "Учар" орто мектебинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, район акими Тилек Матраимов жана жергиликтүү тургундар катышышты. Облус башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундарды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, мамлекет мындан ары да келечек муундарына өзгөчө көңүл бура тургандыгын баса белгиледи.   

Кошумчалай кетсек, Жусуп Турусбеков орто мектебинин курулушуна республикалык бюджеттен 56 миллион сом, ал эми "Учар" орто мектебине 34 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан