31-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн абалы менен жеринен таанышып чыкты. Иш сапардын жүрүшүндө ӨКМдин облустагы башкармалыгынын бул багытта жүргүзүп жаткан иштери тууралуу да маалыматы угулду. Министр жер титирөөдөн улам үйлөрү жараксыз абалга келген үй-бүлөлөрдү убактылуу башка жерге көчүрүүгө тапшырмаларды берип, зыян тарткан жарандарга тийиштүү жардам бериле турганын айтты. Эскерте кетсек, 28-январда Ысык-Көл облусунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 12 турак үй авариялык абалга келгени белгилүү болгон.