Үстүбүздөгү жылдын жай айында болгон карактоо фактысынын бети ачылды

Үстүбүздөгү жылдын жай айында болгон карактоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, июль айынын башында соода агенти белгисиз адамдар тарабынан карактоого учураган. Анда жабырлануучу унаага отурган кезде кылмышкерлер ага тапанча такап, жанындагы акчасын алууга аракет кылышкан. Каракчылар газ-травматикалык тапанчадан 4 жолу ок чыгарышкан. Анын бири унаага тийсе, үчөө денесине тийген. Бирок жабырлануучу ага карабай колундагы сумкасын коё берген эмес. Анын ичинде 3 миллион сомго жакын акча болгон. Бул учурда ошол жерде адамдар топтолуп калышкан. Мындан улам кылмышкерлер качууга аргасыз болушкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган О.К., 1996-жылы туулган Т.Б., 1994-жылы туулган К.Э. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан