Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунда бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда саат 21:45 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1952-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну Ош облусунун Алай районундагы Талдык ашуусунда бузулуп, токтоп калган автоунаасын карап жүрүп белгисиз себептер менен автоунаасынан 20 метр алыстыкта каза болон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы А.Исакуловдун берген маалыматы боюнча, каза болгон жарандын туугандары эч жакка кайрылбай, анын денесин алып кетишкен.