Өлкө аймагына 2014-жылдын 9 ай аралыгында жалпы суммасы 7 миллиард 141 миллион 195 миң сомду түзгөн дары-дармектер алынып келинген. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Нурия Ташполотова билдирди.
Маалым болгондой, 9 ай аралыгында дарылык каражаттарды алып кирүүдөн түшкөн бажылык төлөмдөр 857 333 сомду түзгөн. Ал эми 2012-жылдын 9 айында өлкө аймагына 8 миллиард 506 121 сомдук дары-дармек алынып келинсе, 2013-жылдын ошол эле мезгилинде 9 миллиард 79 441 сомдук дары импорттолгон.