Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Герой моей девушки" тасмасынын бет ачары өтүүдө. "Салам, Нью-Йорк!" фильминин жаратуучулары тарабынан тартылган комедияны көрүү үчүн кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү келишти.
Башкы каармандардын образын "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу жана казакстандык актриса Алия Телебарисова аткарган.
Тасмада архитектура бөлүмүндө окуган студенттин бардар жашоого умтулуусу чагылдырылган. Баш калаада үй, машина, ийгиликтүү жумушка жетиш үчүн оңой жолду тандаган Тилек чогуу окуган байдын кызы менен достошо баштайт. Окуу жайдагы эң сулуу кыз менен достошуп, анын сүйүктүүсүнө айланууну максат кылган башкы каарман боёнуп, сырдашып, кадимки кыздар жасаган иштерди жасайт.
Бул арада кыздын жүрөгүн багындырган ары сырдуу, ары күчтүү, аракетчил жигит пайда болот. Тилек дос кызы менен сырдуу жигиттин мамиле түзүүсүнө жол бербештин айласын издей баштайт...
Бир эле тасмада көрүүчүлөр Жеңиш Майрамбек уулун төлгөчү, күйөө жолдош, селсаяк, саясатчы, кошоматчы курбу, ботаниктин образында көрө алышат.
Фильмдин режиссёрлору - Руслан Акун жана Чолпон Бөрүбаева. Тасманы тартуу идеясы "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев менен режиссёр Руслан Акунга таандык. Сюжетин Жеңиш Майрамбек уулу менен Бакыт Осмонканов иштеп чыкса, Сергей Кролевич киного ылайыкташтырган.