Мамлекеттик бажы кызматынын “Ак-Жол” борбордук бажы постунан аткезчилик жол менен козу карындарды алып өтүүгө аракет кылган казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 2014-жылдын 26-октябрында болгон. “Ак-Жол” бажы постунан Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан казак жаранынын унаасынан 91 килограмм кургатылган козу карындар салынган 7 картон куту табылган. Бул факт боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан 2014-жылдын 17-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.