Талант Мамытов: "Мен Ташиевдин "Чыңгысхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти басып алган" деген сөзүн уккан эмесмин"

"Мен 3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиевдин "Чыңгысхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти басып алган" деген сөзүн уккан эмесмин". Бул сөздү бүгүн, 1-февралда өтүп жаткан сотто айыпталуучу, "Ата Журт" партиясынын депутаты Талант Мамытов билдирди. "Мындан сырткары Сабаев аттуу жаранды да урган эмесмин. Ал эми менин жанымда жан сакчы катары бир тууган иним жүргөн. Бирок ал дарбазадан ашып кирген эмес, анын жанында травматикалык тапанча бар экенин билген эмесмин”,- деди Мамытов. "Ата журтчу" депутаттардын соту учурда уланууда.

   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан