Бишкекте бүгүн, 27-ноябрда “Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай” аталыштагы жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу, чет мамлекеттин тажрыйбасын кабыл алуунун маселелери каралат. Иш-чарага КРнын Президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев, КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Грузиянын Коомдук биринчи каналынын "Улуттук азчылык үчүн" программасынын редакциясынын жетекчиси Зураб Двали, ЖМКнын жетекчилери, окумуштуу-лингвисттер, мамлекеттик тилди үйрөнүү усулдарын иштеп чыгуучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.